super.kg logo

Билим берүү министринин орун басары: "Видео сабактар тартылып жатат"

 

Бүгүн, 31-мартта Өкмөт үйүндө билим берүү жана илим министринин орун басарлары Нурлан Өмүров жана Надира Жусупбекованын катышуусунда онлайн жыйын өтүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги видео сабактарды тартууну улантып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанциялык негизде окутууга даярдыкты улантып жатат. Азыр базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык сабактардын жадыбалы түзүлгөн. Анын негизинде 4-чейректин сабактары Бишкектеги 9 студияда жана Ош шаарында "ЭлТР" каналынын базасында тартылууда", - деп билдирди Жусупбекова.

"Видео сабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып жатат", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 8-апрелден тарта IV чейректин сабактарын “Баластан” КТРК (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим жана Билим” "ЭлТР" (5-11-класстын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2020. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
телеканалдар аркылуу берген жакшы.интернеттен видео сабак откорууго айыл жерлеринде связ жетиштуу эмес.ар бир окуучуга интернетке киргенге да каражат жагы проблема жаратат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: