super.kg logo

Коронавирус боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан Чүй облустук жол кыймылынын кызматкерлери толгоосу башталган келинди ооруканага жеткиришти

 

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери толгоосу башталган келинге жардам беришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-март күнү "Алга" өткөрүү постунда айдоочуларга вирустук инфекциясынын жайылуу коркунучу жана аны алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Ошол убакта Mitsubishi Pajero автоунаасынын айдоочусу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине жубайынын толгоосу башталганын айтып, жардам сурап кайрылган.

Ал эми бул кайрылуу жетекчи Шайыр Бопоновдун макулдугу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Канат Жапаров айдоочунун унаасын коштоп, Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнө жеткирген. Жыйынтыгында жардам сурап кайрылган жарандын жубайы төрөт үйүнө аман-эсен жетип, кыз төрөгөн. Мындан улам ал жалгыз гана инспекторго эмес бардык Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө оперативдүү иш үчүн ыраазычылык билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
31.03.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ымыркайга эмне деп ат койсок бош жатпай ысымын коюп берели.м:
31.03.2020. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhykyo,Милициябек деп койсун же Менткул деп.
31.03.2020. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kuttubekuzgen,гаишка деп салсакчы
31.03.2020. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kuttubekuzge,Кыз экен. Энесинин суротуно караганда орус улутунан или славян улуттарынын биринен.Ушундай учурда жакшылыктан умут кылып Вера же Надежда деп койгону эле туура го.
31.03.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коронабек деп койсун
31.03.2020. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз тороду десе уулдун атын айтасынарда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: