super.kg logo

Президент Александр Лукашенко Беларусь өлкөсүндө 1 адам коронавирустан каза болгонун айтты

 

Актёр Виктор ДашкевичБеларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өлкө ичинде коронавирустун 1-курмандыгы Эмгек сиңирген артист, белгилүү актёр Виктор Дашкевич болгонун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Аялынын, кызынын ден соолугу жакшы. Ал эми актёр өзү пневмония менен ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин жасаган аракетине карабай ал жарык дүйнө менен кош айтышты", - деп билдирген Лукашенко.

Буга чейин өлкө башчысы "эгерде өлкө жарандары Пасхага (провославдардын майрамы) чейин эпидемияга туруштук берсе анда "жашап кетебиз" деп билдирген. Муну менен бирге эле президент пандемияга карабай пландалган иш тартибин өзгөртпөй турганын жана 9-майда Москвага келе турганын билдирген.

Азыркы тапта аталган өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 152 адам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: