super.kg logo

Билим берүү министри шаардык жана райондук билим берүү жетекчилери менен онлайн конференция өткөрдү

 

Бүгүн, 31-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн конференция өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр мектептерде 4-чейрек сабактарын дистанциялык түрдө өткөрүү боюнча министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин мындай шартта жоопкерчиликтүү жана ыкчам иштөөгө чакырды.

"Азыр баарыбыз үчүн кыйын кырдаал түзүлдү. Бирок бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктү да жаратууда. Дистанциялык окутуу менен министрликтин, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, директорлордун, мугалимдердин ишине баа берилет. Ошондуктан баарыңыздар ыкчам, жоопкерчиликтүү жана кылдаттык менен иш алып барууңуздар керек", - деди Исаков.

Министр дистанциялык окутуу үчүн видео сабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып, билим берүү тиркемеси даярдалып жатканын айтты. Мындан сырткары билим берүү, өнүктүрүү каражаттары, электрондук ресурстар бир сайтка топтолуп, oku.edu.gov.kg порталына жүктөлүп жатканын белгиледи.

"Азыр 4-чейректе канча сабак калганы аныкталган. Жакынкы күндөрү сабактардын жадыбалы телеканалдардан жана электрондук ресурстардан бериле баштайт", - деп кошумчалады министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: