super.kg logo

Журналисттер өзгөчө абал учурунда окурмандарга толук кандуу маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканына нааразы

 

Кечээ, 30-мартта Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын билдирди.

"24.kg" маалымат агенттигинин жетекчиси Асель Оторбаева онлайн маалымат жыйындарында штаб суроо берүү үчүн баракчаны ачпаганын айтты. "Биз окурмандардын бардык суроолорун жөнөтүп жатабыз. Штаб бүгүн суроо берүү үчүн баракчаны ачкан да жок. Аткаминерлер брифингде формалдуу отчётторун берүү менен гана чектелип жатышат. Журналисттерге аккредитация бербей коюшту. Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев минтип бизге кам көрүлүп жатканын билдирди. Бизге аккредитация өзүбүздүн кесиптик милдетибизди аткаруу үчүн керек. Иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүүнү биз суранбайбыз, талап кылабыз. Биздин окурмандар социалдык тармактардан фейк, ушак маалыматтарды албашы керек. Президенттик аппараттын, өкмөттүн басма сөз кызматынын бир дагы кызматкери телефон чалууларга жооп бербей жатышат. Аларга караганда министр, мекеме башчыларына телефон чалган жеңил болуп калды", - деп билдирүү жазды.

"Акипресс" маалымат агенттиги дагы окурмандарынан кечирим сурады. "Өзгөчө кырдаал учурундагы жаңы эреже агенттиктин толук кандуу иштешине тоскоолдук жаратууда. Биздин нөөмөт команда өздөрүнүн кесиптик милдеттерин толук аткара албай жатат. Бүгүнкү күндөн баштап "Акипресс" жаңылыктардын санын жана ыкчамдуулукту азайтат. Биз окурмандардан кечирим сурайбыз", - деп жазышты.

"Медиа Полиси Институту" уюмунан Бишкектин комендантынын чечими Баш мыйзамга, "Өзгөчө абал жөнүндө" мыйзамдын жоболоруна каршы келерин билдиришти.

Жогорудагыдай эле көйгөйлөргө "SUPER.KG" порталынын кабарчылары да туш болуп жатат. Республикалык штаб уюштуруп жаткан маалымат жыйындар жана брифингдер онлайн жүрүп жаткандыктан, журналисттер бардык суроолоруна жооп ала албай калып жатышат. Жөнөтүлгөн суроолор өкмөттүн басма сөз кызматы тарабынан иргелип берилүүдө. Ал эми бүгүн суроо берүү мүмкүнчүлүгү да болгон жок. Маалыматты тактоого келгенде бири-бирине шылтамай өнөкөткө айланды, көп учурда штабдан башталып узатылган суроонун жообу табылбай, 4-5 телефон номерин тергенден кийин кайра штабга айланып келип жатат. Бул жооп жок дегенди эле билдирет. Эң жөнөкөй мисал, акыркы учурда коронавирус жуктуруп алган адамдардын так аймагы такталбай турат. "Облусун же шаарын эле берип коюу жетишсиз, биз дагы ошол аймактан (айылдан, райондон жана башка) өзүбүздү коргойлу" деген окурмандарга толук маалымат алып бере албай койдук. Бул сыяктуу иш учурундагы тоскоолдуктар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Жогорудагы маселе көңүл буруусуз калбайт жана кыска убакыттын ичинде жолго салынат деп ишенгибиз келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.04.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеебирки журналисттер туура эмес маалымат таратып элдин тынчтыгын бузуп койушу мүмкүн ошон үчүн өзгөчө абал түз эфирде гана айтылып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: