super.kg logo

Абоненттердин карызы үчүн электр энергиясын, байланыш кызматын жана интернетти өчүрбөө. Өкмөт тиешелүү уюмдарга дагы кандай сунуштарды айтты?

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, жыйынтыгы боюнча ишкерликти колдоонун фискалдык чараларын көрүү боюнча план бекитилди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү көпчүлүк ишкерлер өзгөчө ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур болушууда.

«Бул глобалдык кризистер шарттарында биз канчалык аярлуу экенибизди дагы бир ирет далилдеп турат. Кризис бүтүндөй дүйнөгө таасирин тийгизди жана түзүлгөн кырдаал биздин экономикага дагы терс таасир берет. Финансылык мүмкүндүктөрү сакталган жумуш берүүчүлөргө тилектештик жана социалдык жоопкерчилик көрсөтүп, карантин маалында кызматкерлеринин кирешесинин минималдык деңгээлин камсыздоого чакырам. Мындай учурда биз баарыбыз биригүүгө тийишпиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөт өз тарабынан бизнеске, жеке ишкерлерге жана жарандарга ишкердик активдүүлүк жанданган соң салыктык жана финансылык өбөлгөлөө аркылуу максималдуу аракеттенишет.

Ишкерликти колдоонун фискалдык чараларын көрүү боюнча планды бекитүү алкагында өкмөт тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- 2020-жылдын 22-мартынан баштап өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин түзүлгөн салыктык карыздар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын мөөнөтүн узартуу жана бөлүп төлөө шартын түзүү;

- 2020-жылдын 1-июлуна чейин салыктык милдеттерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 айга муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн акы төлөө мөөнөтүн узартуу;

- 2020-жылдын 1-июлуна чейин жер-жерлерде салыктык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун компоненттерин киргизүү мөөнөтүн узартуу;

- 2021-жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн жылдыруу;

- 2020-жылдын 1-июлуна чейин төлөмдөр өз убагында төлөнгөн шартта салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча бизнес субъектилеринин отчёт берүү мөөнөтүн узартуу;

- 2022-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик текшерүү органдар тарабынан текшерүүгө мораторий киргизүү мөөнөтүн узартуу;

- 2021-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөрдүн тышкары көчмө салыктык текшерүүлөрдү чектөө:

• товарлардын подакциздик топторун өндүргөн жана жүгүрткөн чарбалык субъектилерди пландуу текшерүү;

• жеке ишкердин ишмердүүлүгү кайра түзүлгөн, жоюлган жана токтотулган шартта жүргүзүлүүчү пландан тышкары текшерүүлөр;

• ӨК/ӨА режими киргизилгенден кийин салык төлөөчүлөр тарабынан салыкты туура эмес эсептөө фактыларын ырастаган документтик маалыматтар салык кызматы органдары аркылуу алынган шартта пландан тышкары текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр;

- тиешелүү уюмдарга 3 айдын ичинде төмөнкүлөрдү аткарууну сунуштоо:

• абоненттердин карызы үчүн электр энергиясын, сууну, газ жана башка коммуналдык кызматтарды, байланыш кызматын жана интернетти өчүрбөө;

• коммуналдык кызматтар үчүн (электр энергиясы, суу, газ, таштанды тазалоо, байланыш кызматы, интернет жана башка) төлөбөө үчүн айып, туумдарды эсептебөө,

- Мамлекеттик мүлктү ижарага алуу үчүн төлөмдөрдү 2020-жылдын 1-апрелине чейин 3 айга жылдырууну камсыз кылуу;

- 2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды кудуретсиздик жол-жобосунан өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
31.03.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А жеке жактар үчүнчү?
31.03.2020. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык иштебе уйдо отуруп калгандарга да акчалай жардам болсо жакшы болмок
31.03.2020. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mira77,
Ун,май таркатса жакшы болмок.
31.03.2020. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ туугандар кредит не болуп атат,уч айга узартылдыбы,кредити барлар жазып койгула
31.03.2020. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rususu,банка барып арыз жазыш керекен
31.03.2020. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rususu,банк же микрокредиттик компанияга барып арыз жазсаныз алар насыянызды 3 айга узартып берет (3 ай толобойсуз)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: