super.kg logo

"Биз ишканалардын банкрот болуп калышына жол бербешибиз керек". Өкмөт ишкерликти колдоонун кризиске каршы финансылык чараларын бекитти

 

Улуттук банк банк тармагынын финансылык өтүмдүүлүгүнүн зарыл деңгээлин камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасын колдоо жана калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди жумшоо зарыл экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө ишканалардын дээрлик бардыгына чоң күч келүүдө. Кыйын кырдаалга карабастан биздин ишканалардын кризистик абалдан чыгуусуна жардам беришибиз керек. Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте кырдаалды дыкат талдап, насыяны кайтарып берүү шарттарын өзгөртүү боюнча комплекстүү чараларды көрөт. Бул негизги суммага жана пайыздык төлөмдөргө тийиштүү. Биз ата мекендик ишканалардын кудуретсиз абалга келишине жол бербешибиз керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаал экономиканын түзүмүн өзгөртүү зарылчылыгына алып келерин белгиледи. «Биз импорттон дээрлик көз карандысыз кылуубуз керек, өзгөчө азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүн. Импортту алмаштыруу - бул эң туура багыт. Бизде керектүү товарларды өзүбүз өндүрө турган жолду баштоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул татаал процессте Кыргыз-Орусия Өнүктүрүү фонду бизге жардам берет, ал үчүн атайын жеңилдетилген программа иштелип чыгат», - деди премьер-министр.

Белгилей кетсек, Кризиске каршы планга ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- Улуттук банкка калк арасында банктык тейлөөнү аралыктан жүргүзүүнүн артыкчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштоо;
- Улуттук банкка экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн банк тутумун сомдун өтүмдүүлүгүнүн зарыл деңгээли менен камсыз кылуу максатында насыялык аукцион өткөрүү сунушун киргизүү;
- Улуттук банкка 2022-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктарга жана коммерциялык эмес уюмдарга карата пруденциалдык талаптарды жеңилдетүүнү сунуштоо;
- Коммерциялык банктар менен чакан жана орто бизнести колдоо линиясы боюнча өкмөт жана Кыргыз-Орусия Өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлорду кошуу менен 3 айдан кем эмес мөөнөткө насыялар боюнча негизги суммалар жана пайыздарды узартуу, реструктуризациялоо тууралуу иш алып баруу;
- Элдин массалык түрдө чогулуусун алдын алуу максатында 2020-жылдын 1-июлуна чейин акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу;
- Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосунда ата мекендик ташуучуларга 20 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө ченемди («Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгү) бекитүү;
- Ата мекендик ташуучуларга, өндүрүүчүлөргө жана жалданма компанияларга аракеттешүү максатында аткарууга ӨК/ӨА режимдерин киргизүү таасир берген мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдердин мөөнөттөрүн тууралоо;
- Экономикадагы тармактарды жеңилдетилген шартта насыялоо үчүн РФнын эмитенттери баалуу кагаздарында жайгаштырылган Кыргыз-Орусия Өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу;
- Насыялык ресурстарга максималдуу түрдө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз-Орусия Өнүктүрүү фондунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;
- Коронавирус инфекциясынын таралышына жана өзгөчө кырдаалдар/өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу олуттуу жабыр тарткан бизнести колдоо фондун биргеликте түзүү боюнча өнөктөштөр менен иш алып баруу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2020. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул окмот эмне менен алектенип жатканын озу билбейт тез арада чара коруп элдин жашоосун калыбына келтириш учун ар бир уйбулого 100000 сомдон комок бериш керек 3 жылга пайызы жок кылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: