Казакстанда өзгөчө абал режимин бузуп, той берген жарандын соту онлайн түрүндө өттү
Казакстанда өзгөчө абал режимин бузуп, той берген жарандын соту онлайн түрүндө өткөн. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.
Маалыматта бир нече кишини чогултуп, той өткөргөн кишинин видеосу интернет тармактарына тарап кеткени айтылат.
"Казакстанга жарыяланган өзгөчө абал режиминин талаптарын аткарбай, Кызыл-Ордо районунун тургуну кыз узатуу тоюн өткөргөн. Тартип бузган той ээсин полиция кызматкерлери таап, ага карата өзгөчө абал режимин бузуу боюнча протокол түзүлгөн. Анын негизинде материалдар сотко жөнөтүлгөн. Онлайн соттук процессинин алкагында, аталган жаранга 26 миң 510 теңге (болжол менен 5000 сом) өлчөмүндөгү айып пул салынган", - деп айтылат маалыматта.
Казакстанда 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

5минди берип коюп эле откоро берсе болот экен да