super.kg logo

Түркиянын министри: "Сауд Арабия вирустун таралуусун ачык айтышса, зыяраттан кайтып келгендер текшерилип, алдын алуу иштери жүргүзүлмөк"

 

Бириккен Араб Эмирлиги өлкө аймагында жайгашкан мекемелерге зыяраттардын алкагында жаңы коронавирус таркатуу коркунучу жөнүндө эч бир өлкөгө, анын ичинде Түркияга кабарлаган эмес. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү каналына берген маегинде өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Соилу билдирген.

Анын айтымында, вирустун таралуусу ачык айтылса, зыяраттан кайтып келген жарандарды текшерип, алдын алуу иштери жүргүзүлмөк.

"Сауд Арабиясы бизге же дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө өлүмгө дуушар болгон вирусту жуктуруунун кандайдыр бир учурлары жөнүндө маалымат берген эмес. Адамдар умрадан кайтып келишкенде Түркияда биринчи жолу инфекция аныкталып, зыяратчылар медициналык изоляторго жаткырылгандан кийин дароо чара көрүштү", - деди ал.

Министрдин айтымында, чет өлкөдөн келген 15 миңден ашык адам Түркиянын 29 облусундагы 48 жатаканада карантинге алынган.

Дүйнөлүк маалымат булактары маалымдагандай, буга чейин Бириккен Араб Эмирлиги жана Персия булуңундагы башка араб монархиялары Жакынкы Чыгыш аймагындагы коронавирустун жайылышынын очогу болгон Иранды коронавирус пандемиясына каршы жоопкерчиликсиз жүрүм-турум жана "биологиялык агрессия" үчүн айыпташкан.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, өлкөдө 4 миңге чукул коронавирус инфекциясын жуктурган жарандар аныкталып, 75 адам көз жумган.

Түркия коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында мектеп, кафе, барларды жаап, массалык намазга чогулууга тыюу салды. Ошондой эле спорттук мелдештерди кийинкиге калтырды жана ондогон өлкөлөргө авиакаттамдарын токтотту.

Эпидемиологиялык кырдаал күн сайын начарлап баратканына карабастан, президент Режеп Тайып Эрдоган 25-мартта Түркия коронавирусту 2-3 аптада жеңип чыгат деп ишенимдүү жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
31.03.2020. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Мусулмандардын ыйык жери аталган арабия менен, кристияндардын ыйык жери аталган италияны коронавирустун мекени дешип, бул динсиз лидерлер диндерди жок кылуунун үстүндө иштеп жатышабы эмне?!
01.04.2020. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Store, Италиянын христиандардын ыйык жери деген маалыматты каяктан алдын? Римдеги Ватиканда болгону Рим Папасынын резиденциясы Апостоль сарай комплексы гана бар.Мен христианствонун жактооочусу эмесмин. Болгону туура эмес маалымат берилгенин айтып жатам. Бул кругозор учун гана. Анан каапыр деп менин адресиме комментарий жазыштын кереги жок.
satyke түзөттү 2020-04-01 07:50:58
01.04.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Store, Италия ны христиандардын ыйык жери деп кайсы чон атан айтты эле?? Италиянын 96%католиктер болуп саналат. Христианин Деген созду туура жаза албайсын анан оозун чоесун акылдуу болуп. Деги эле арабдарды ыйык коруп калдык ко кыргыздар
31.03.2020. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Турк туугандар ачык эле туурасын айтат дайым эле .эртеирээк айтканда бизде да аз болмок алла сактасын эми бул кундор да отуп кетээр.
01.04.2020. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туркиянын министири эркекче туура созду айтыптыр. Мен толук кошулам. Вирус тууралу кабарлап койушканда балким умрадан келээри мн эле биз деле сразу Аэропорттон тушоору мн карантинге жаткызат элек да. Биздин бийлик да башында шалаакылык кылып койду. Биринчи куну эле вирус аныкталганда элдер баары бир ооздон эмнеге сразу келгендерди эки жумага карантинге алган жок деп айтышты го. Тигилер болсо той берип, элдин кобуно жугузушту. Озулору деле тойун токтото турса болмок да. Соз жок.
01.04.2020. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзүңө сак бол коншунду ууру тутпа деп биздин гений аталарыбыз качаан эле айтып өтүшкөн. Ошондуктан ар бирөөбүз өзүбүзгө сак болсок башында тиги минздрав сырттан келгендерди карантинге алышса болмок бул жерде күнөө көбүнчө минздравда болуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: