super.kg logo

"Ухан вирусу": Каза болгондордун саны боюнча Франция Кытайды басып өттү

 

1-апрелге карата коронавирус оорусун жуктургандардын саны дүйнөдө 857 миң 487ге жетти. Алардын арасынан 178 миң 34 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 42 миң 107 адам дүйнө салды.

Вирус жуктургандардын көптүгү боюнча тизменин сап башында турган АКШда 188 миң 172 адам коронавирус илдети менен алышууда. 7024 бейтап дарыланып, ооруканадан чыгарылса, 3873 адам вирустан каза болду.

Италияда 105 миң 792 адам оору жуктуруп, анын 15 миң 729у сакайып ооруканадан чыкса, 12 миң 428 бейтап көз жумду.

Испанияда болсо 95 миң 923 адам вирус жуктурганы аныкталып, 19 миң 259у илдеттен айыгып, 8464 адам каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматка ылайык, Франция каза болгон бейтаптардын саны боюнча Кытайды басып өттү. Учурда аталган өлкөдө вирус жуктургандардын саны 52 миң 827 болсо, 3532 адам каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.04.2020. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайда эле эл ооруй тургансып, алар курошуп жатканда бейкапар журушту. Мына эми дуйно кыдырып бизге да келип, бут жумушка, жашоого залакасы тийип жатат. Бир чети коптогон уурулук, кылмыштуулук деген азайып, дуйно эс алып, жаратылыш тазарып жатат. Ар бир жамандыктын артында жакшылык бар дейт. Кудай буюрса жакшы кундор алдыда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: