super.kg logo

Орусиялык рэпер Жигандын жубайы ажырашарын билдирди. "Балдарым мындай тозокту көрүүсүн каалабайм" дейт ал

 

Акыркы кезде рэп ырчысы Жигандын үй-бүлөсүнө жарака кетип жүргөн. Ырчынын жубайы модель Оксана Самойлова ажырашуу чечимин кабыл алганын социалдык баракчасы аркылуу билдирген.

"10 жыл чогуу жашап, ортодо 4 кичинекей бала турганда бир чечимге келүү аябай оор экен. Бирок менде башка арга калбады. Мен ажырашууга арыз берем. 10 жыл бактылуу жашаган күндөрүмдүн баары жалган болуп чыкты. Ал дайыма менден башка эч кимди сүйбөстүгүн, башка эч ким менен мамиле курбаганын айтып, ишендирип келген. Мен болсо ага ишенип жашаптырмын. Биз 10 жыл аралыгында урушкан деле жокпуз, бактылуу жашадык. Ишенип, сүйгөн адамың сыртка чыкканда, алмаштырып кетет деп ойлогон эмесмин. Ал эми экинчи себебин анын баракчасынан көрүп жатсаңыздар керек. Мен деле үй-бүлөнү биринчи орунга коюп келгем. Балдардын атасы, энеси жанында болсо дегем. Бирок мындан ары чыдай албайм. Балдарымдын мындай тозокту көрүп жашоосун каалабайм. Мындан ары 4 бала менен кантеримди деле билбейм. Бирок мурункуга караганда күчтүү болушум керек экенин билем", - деп жазган Самойлова.

Азырынча бул тууралуу Жиган пикирин билдире элек. Эске салсак, Жиган 18-февраль күнү 3 кыздан кийин уулдуу болуп, кубанычын элге жар салган эле. Андан кийин ал реабилитациялык борборго жатып калганы маалымдалган. Айрым маалымат булактары ажырашуунун себеби катары рэперди көңүлдөш күтүп кеткенин айтса, айрымдары жубайына кол көтөргөн деп жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.04.2020. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Джига айнып калды,красивая пара болчу, жалко
01.04.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коронавирус буткучо кое тур эми, мумкун ушул вирустун таасири тийип жаткандыр.
01.04.2020. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарашкыла 1 айдан кийин
01.04.2020. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чужая семя темный лес дейби? Үй бүлөө кургандан кийин көрүп жатабызгго үй бүлөө курганга чейин түшүнчү эмес элем
09.04.2020. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрди катын урушат,Эси кеткен болушат.Оксана үчүн не переживайте)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: