super.kg logo

Бишкек шаарында коменданттык сааттын эрежелерин бузган 119 жаран кармалды. Алардын үчөө чет элдик жаран (хронология, видео)

 

Бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Анда Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда 119 тартип бузуулар орун алганын кабарлады.

26-мартка караган түнү 193, 27-мартка караган түнү 146, 28-мартка караган түнү 157, 29-мартка караган түнү 119, 30-мартка караган түнү 122 жаран кармалса, 31-мартта 137 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-01 09:16

"Бишкек шаарындагы абал туруктуу. Шаар тургундарын үйдөн чыкпоого чакырам. Күн сайын эрежени 100дөн ашуун адам бузуп жатат. Бул жаман көрсөткүч, биз бирге жеңишибиз керек", - деди комендант Орозалиев.

2020-04-01 09:14

“Өткөн суткада саат 20:00дөн 07:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 17 аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган”, - деп билдирди Алмазбек Орозалиев.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
01.04.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чет элдик дегендер индустар болсо керек кайда бар ошолор эле болуп калдыго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: