super.kg logo

Бир гана Ноокатта коменданттык саатты бузгандар катталган жок. Өзгөчө абал жарыяланган аймактардагы тартип бузуулар

 

1-апрелге карата республика боюнча коменданттык саатты бузган 147 факты катталып, протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында кечки саат 20:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай, бузгандыгы үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 147 жаран жеткирилди. Ошондой эле 12 автоунаа атайын айып короосуна токтотулду. Алардын ичинен:
• Бишкек шаары боюнча - 119;
• Ош шаары боюнча - 2;
• Жалал-Абад шаары - 10;
• Сузак районунда - 8;
• Кара-Суу районунда - 8 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Кармалгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Эскертүү! “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор аты-жөнү аныкталып, үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

ИИМ жарандарга кайрылат жана эскертет: өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.04.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ноокат эли биринчиден өзүн сыйлайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: