Дарыгер карантин учурунда бетке кантип кам көрүш керектигин айтты

"Адамдын териси айлана-чөйрөгө ылайыкташкан, мындан улам аны оңдоого же өзгөртүүгө аракет кылуунун кажети жок. Үйдө отуруп ар кандай косметикалык каражаттарды колдонуунун же бетти кайра-кайра тазалоо да керек эмес. Андан көрө бетке ар кандай пайдалуу маскаларды жасаңыз", - дейт адистер.
Адистердин айтымында, ар бир каражатты өзүнүн убагы жана ченеми менен колдонуу керек.
"Бетти тазалоочу скрабдар терини аябай сезимтал кылып салуусу мүмкүн. Мындан улам косметикалык каражаттарды колдонгондо аллергия башталып кетиши мүмкүн. Декоративдүү косметикалык каражаттарды карантин учурунда колдонбоо бул жагымсыз нерселерден качып кутулууга жардам берет", - деп маалымдашат дерматологдор.
Таза абанын аз болушу да териге өзүнүн кедергисин тийгизбей койбойт. Териңизге кам көрөм десеңиз бөлмөнү маал-маалы менен эшик, терезелерди ачып, желдетип туруңуз. Башкысы бул маанай, адамдын маанайы анын жүзүнө гана эмес бүтүндөй организмге таасирин тийгизет.
Мындан улам карантин учурунда кыжалат болуп, көп нерсени ойлонбой, көтөрүңкү маанайда өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз. Ошондо гана сиз карантинден сулуу жана жакшы энергияларга бай болуп чыгасыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2025-06-27
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.