Орусиялык миллиардер Алишер Усманов коронавируска каршы күрөшүү үчүн коңшу Өзбекстанга 20 миллион доллар бөлдү

Өзбекстанда төрөлгөн орусиялык миллиардер Алишер Усманов коронавируска каршы күрөшүү үчүн коңшу Өзбекстанга кечээ, 31-мартта 20 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү "Өзбекстан 24" телеканалы жазып чыкты.
"Белгилүү бизнесмен жана меценат Алишер Усманов коронавируска каршы күрөшүүдө өлкө башчынын аракеттерин колдоп, ооруканаларды заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн 20 миллион доллар бөлүп берди", - деп билдирген "Өзбекстан 24" телеканалы.
Орусиялык миллиардердин которгон каражаты Өзбекстандын "Кайрымдуулук жана ден соолук" коомдук фондуна которулган. Бул фонд Өзбекстан өкмөтүнө коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү учурунда каржылык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
3

Бабанов да 5 миллион сом эмес доллар которсо жакшы болмок.