Депутат Сулайманов: "Казакстан унун бизге чыгарбай жатыптыр. Кыйын учурда кошуна мамлекеттер дайыма ушундай мамиле кылышат"
"Казакстан унун бизге чыгарбай жатыптыр. Кыйын учурда кошуна мамлекеттер дайыма ушундай мамиле кылышат", - деп бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
"Казакстан унду бизге чыгарбайбыз деп чечим чыгарыптыр. Биз 30-жылдары казак туугандары ачка калганда аларды сактап калганбыз. Дайыма кыйын мезгилде кошуна өлкөлөр ушундай мамиле кылышат. ЕАЭБдин нормалары иштеп жатабы? Ушул кырдаалдан чыкканга чейин өз-өзүбүзчө оокат кылышыбыз керек. Казак туугандар ун бербесе, башка жактан алышыбыз керек", - дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















