super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Көз карандысыз ЖМКларга "пропуск" берилиши керек. Мамлекеттик маалымат каражаттарын эч ким окубайт, ишенбейт"

 

Депутат Жанар Акаев көз карандысыз маалымат каражаттарына "пропуск" берилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Учурда түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жатат. Бирок өкмөт, комендант көз карандысыз маалымат каражаттарынын бирөөсүнө дагы уруксат кагазын (пропуск) бербей жатат.

Элибиз фейк маалыматтарга ишенүүдө. Ошондуктан коомдо өзүнүн орду бар маалымат каражаттарынын 3-4 журналистке уруксат беришиңер керек. Алар өкмөттүн, өлкөдө болуп жаткан окуяларды элге жеткирип турушу зарыл.

Өкмөт, мамлекеттик маалымат каражаттарына уруксат кагазын бердиңер, бирок аларды эч ким окубайт. Мына Кыргыз мамлекетинде эң көп окулгандардын 20 маалымат каражатынын бири да уруксат кагазын алган жок. Бүгүнкү күндөн калбай маалымат каражаттарына уруксат кагазы берилиши шарт. Мамлекеттик маалымат каражаттарын эч ким окубайт, ишенбейт",
- дейт Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: