super.kg logo

Смартфонуңуздан «Мой О!» тиркемеси аркылуу нөлдүк балансыңыз менен деле билим алсаңыз болот

 

Урматтуу мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер, көңүл бургула!

Төртүнчү чейректе 2020-жылдын 8-апрелинен тартып окутуу дистанциондук форматта башталат. Окутуулар төмөнкүдөй болот:

— 1-4 класстар: «Баластан» КТРК телеканалындагы видео сабактар боюнча;

— 5-11 класстар: «Билим Илим» ЭлТР телеканалындагы видео сабактар боюнча;

жаңы министрликтин билим берүү порталы аркылуу (8-апрелде иштеп баштайт);

— «Мой О!» тиркемеси аркылуу (8-апрелде акысыз кирүү башталат).

Телевизиондук каналдары билдиргендей, азыркы учурда төртүнчү чейректин программасы боюнча видео сабактарды даярдоо жана тартуу жүрүп жатты. Мындан тышкары КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү интернет-порталдарында ар түрдүү предметтер боюнча окуу китептеринин электрондук материалдары жеткиликтүү болот. Бул oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg. Балким, тизме дагы толукталат болуш керек.

«Мой О!» ТИРКЕМЕСИНДЕ НӨЛДҮК БАЛАНСТА БИЛИМ АЛУУ

КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин бардык окутуучу материалдарын О! Мобилдик операторунун «Мой О!» тиркемесинен тапса болот. Бардык билим берүү материалдарын нөлдүк баланста дагы пайдаланса болот, «Мой О!» тиркемеси үчүн интернет-трафик – толугу менен баары үчүн акысыз!

МЕКТЕПТЕРДИН БАРДЫК МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН АКЫСЫЗ ТАРИФ «Мугалим 200»

О! Мобилдик операторунун дистанциондук окутууну колдоонун алкагында бүт өлкө боюнча орто билим берүү мектептеринин мугалимдерине акысыз SIM-картасын берүүнү баштады. Мектептердин директорлорунун сурамдарынын негизинде тизмелер түзүлүп жатат. 2 айга «Мугалим 200» акысыз тарифине кошулуу үчүн тапшырыкты жол-жоболоштуруу үчүн mugalim@nurtelecom.kg электрондук дарегине же WhatsApp 0705 000 200 номерине мектептин номери, мугалимдердин ФАА, паспорттук маалыматтары жана мүмкүн болсо учурдагы колдонуп жаткан мобилдик номерлери менен бирге тизме жөнөтүү керек.

О! абоненттери болгондорго тизмеде көрсөтүлгөн мобилдик номерлер боюнча учурдагы номерине акысыз тариф дистанциондук түрдө акысыз кошулат. Ал эми О! түйүнүнүн номерлери жокторго 2 айга «Мугалим 200» акысыз байланыш жана мобилдик интернет менен жаңы SIM-карталар берилет.

О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУНАН БҮТ ӨЛКӨ БОЮНЧА 4G LTE ТҮЙҮНҮ

О! Мобилдик оператору өлкөнүн алыскы бурчтарынан бери камтыган эң чоң 4G LTE түйүнүнө ээ. 97%дан ашуун кыргызстандыктар О! Мобилдик операторунун 4G LTE сигналын ишенимдүү кабыл алган аймакта жашашат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: