super.kg logo

"Шарты жок имаратты обсервация кылганы жатышат". Ысык-Көлдүктөр нааразычылык акциясына чыгышты

 

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Алар Маяк деген саламаттыкты сактоо жана билим берүү борборуна обсервация уюштурулушуна каршы чыгып жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Максат Жаныбеков билдирип, элдин каршылык акциясына чыгуу себебин төмөнкүчө түшүндүрүп берди.

"Бул жакка обсервацияга деп адамдарды алып келип жатышат. Обсервация кылууга бизде эч кандай шарт жок, имарат эски, терезелери ачык, даараткана жок. Чынында эгер бардык шарттар болгондо эл каршы болбойт эле. Бирок алар коомдук талаптарга жооп бере турган, талаптагы ыңгайлуулуктарды түзбөй жатышат.

Бул биринчи учур эмес, мындан 5 жыл мурун бул жакка өпкө оорусу менен ооругандарды алып келишкен. Анда дагы шарт түзөбүз деп айтышып, бирок андан бери канча убакыт өтсө дагы эч кандай шарт түзүшкөн жок. Ошондон кийин биздин айылдагы көп жашоочулар өпкө оорусу менен ооруп башташты. Мындан улам биз каршы чыгууга аргасыз болуп жатабыз. Шарт түзүүнү талап кылган элди милиция кармап кетип жатат. Азыркы тапта 3 жаран камакта", - деп билдирди Жаныбеков.

Кечээ, 31-мартта Ысык-Көл облусунан 2 адамдын коронавирус жуктурганы маалым болгон.






Түптүн жашоочулары айылдагы мекемени обсервация кылууга каршы митингге чыгышты

Түптө айылдагы мекемени обсервация кылабыз дегендерге эл каршы чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
01.04.2020. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
башталды дагы ызы чуу
01.04.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тобоооо! Азыр нааразымын деп чыга турган заман болуп арабы?!!!
01.04.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
3тон ашык киши чогулбагыла деп атса митинг кылып ийишиптирго.Ойноп атышабы мамлекет силердин ден соолугунар учун бири биринерге жукпасын деп аракет кылып атышат
01.04.2020. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Митинг кылчу учурбу? Ал жерге обсерватория эле болот экен. Ойлонбойлубу? Эми Кудай сактасын ошол жерде жүргөн адамдардын бирөөсүндө вирус жок деп ким кепилдик бере алат! Кудай сактасын кийин өкүнүп жүрбөсөнөр болгону! Көтөрүп чыккан көйгөй туура болушу мүмкүн, бирок вируска жардамчы болупсуңар! Чогулбай туруу керек эле.
Samatalibei түзөттү 2020-04-01 14:47:22
01.04.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыгат десе чыгаберет экенсинерда ооруу жуктурсанар коросунор
01.04.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туптук туугандар тутотуп алып чыкканго баары аластап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: