Депутат: "Бет капсыз жүргөндөргө айып пул салынат деп жатабыз. Дарыканаларда бет кап жок болуп жатат"
Депутат Улугбек Ормонов дарыканаларда бет кап жок болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Бет капсыз жүргөндөргө айып пул салабыз деп жатасыздар. Дарыканаларда бет кап жок. Биринчи ошол маселени чечип албайсыңарбы. Дарыканаларга бет кап бергиле", - дейт депутат.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

