Депутат: "Ушундай кыйын кырдаалда республикабыздын экономикасы колдоо албаса, ЕАЭБдин кереги барбы?"
"Ушундай кыйын кырдаалда республикабыздын экономикасы колдоо албаса, ЕАЭБдин кереги барбы?" деп бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.
Абдывахап Нурбаев экономикалык каатчылыкты эске алуу менен өкмөт ыкчам түрдө ташып киргизилүүчү товарларга бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу багытында Евразиялык экономикалык комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин билдирди.
Экономика министри Санжар Муканбетов Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жыйынында бул маселе карала турганын айтты. Ал билдиргендей, ушул аптада комиссиянын онлайн жыйыны өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
3

