super.kg logo

"Элдин көп топтолгон санын канчалык чектейин десек дагы алар укпай жатышат". Көлдө митинг уюштурган айыл толук изоляцияга алынды

 

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары "Маяк" деген саламаттыкты сактоо жана билим берүү борборуна обсервация уюштурулушуна каршы митингге чыкканын жергиликтүү жашоочу билдирген. Ал эми аталган окуя тууралуу SUPER.KG порталына Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожобеков төмөнкүлөрдү айтып берди.

Айтымында, эл кырдаалды толук түшүнбөй, кээ бир козуткан кептерге берилип жатат. "Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүндөгү Ысык-Көл айылына обсервация уюштурулушуна эл каршы чыгып жатат. Ал жерде "Маяк" деген балдардын саламаттыгын сактоо жана билим берүү борбору бар. Аймактагы 4 жерге жергиликтүү, райондук штаб обсервация уюштурушкан. Бул Талды-Суу айылын, Түп райондук аймактык ооруканасын, Түп шаарындагы лицей жана "Маяк" борборун обсервация деп кабыл алышкан. Балким, жергиликтүү калк кандайдыр бир чагымчылдардын сөзүнө кирип же болбосо ушак сөздөргө берилип жатабы? Алар биздин айылга инфекция менен ооруган адамдарды алып келет экен деген туура эмес түшүнүктө болуп жатышат.

Мындан улам тургундар оорулуу адамдар келсе, биз дагы ооруп калабыз деп чочулап жатышканы жалган эмес. Негизи обсервациянын максаты - бул коронавируска чалдыккандардын шектүүлөрүн эле обсервацияга алышат. Эгер ал жаран коронавирус менен ооруганы аныкталса, аны Түп районундагы жугуштуу оорулар боюнча ооруканасына алып кетишет. Облуста эки кишиден вирус аныкталды. Ошондуктан биздин ыкчам штаб ал жерге анализ алганы "Тез жардам" унаасы менен барганда, элдер айылга киргизбей коюшкан. Митинг болгонун канчалык чектейин десек дагы эл укпай жатканына байланыштуу облустук штабдын чечими менен жалпы бир айылды карантиндик зона деп белгилөө чечими кабыл алынды. Анткени акция учурунда баары бири-бири менен жакын болгон. Ал топтолгондордун арасында 8 чет өлкөлүк бар экен. Кээ бирөө эмгек миграциясында жүргөн болсо, кай бири окугандар.

Тегерек четте азыркы учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дезинфекция иштерин жүргүзүп жатышат. Андан сырткары обсервация боло турчу жатакана дагы дезинфекцияланып, бир канча медицина кызматкерлери эмгектенишүүдө. Бул жерде тургундар ушактарга берилип жатат. Азыр эле жалпы айыл карантинге алынышы керектиги тууралуу айтылды, себеби баары бири-бири менен байланышып калышкан", - деди маалымат катчы.

Кечээ, 31-мартта Ысык-Көл облусунан 2 адамдын коронавирус жуктурганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
01.04.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Озунорго озунор кылдынар,кысып уйдо отурбай
01.04.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сабыр кылуу керек эле! Бийлик сактануунун чарасын көрүп жатса, айылдагыларга атайын алып келип вирус жуктурмак беле? Көчөгө чыгып оруну женчү болсок баарыбыз эле чыгып албай белек. Чагымчылдар ушундайда жөн эле отурса болмок!!!
01.04.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Көлдүк туугандар митинг десе ичкен ашты жерге таштай салчу болдуңар го акыркы күндөрү. Эртерээк бул күндөрдөн чыгууну ойлосоңор.
01.04.2020. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Omar.,дагы качан митингге чыктык? Тимэле ичкен ашты жерге таштай салчуу болдунар деп..., биз эч качан башкаларга окшоп митингге чыкпайбыз. Биз чыкканда башкача болот. Бул жон эле, эл катары.
01.04.2020. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман көрбөгүлө туугандар түндүк кореянын президенти вирус чыккан адамдарды эмне кылды көрдүңөрбү балким бизгеда ошондой керек болуп жүрбөсүн
01.04.2020. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Farra16gsin,тундук кореяда саат 08 00 до бир адам 08 02 де 0 адам
01.04.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колдук Туугандар Вирус жугузуп алуудан абайлагыла Чогулбагыла деген создук уксанар кандай коркунучтуу оруу экенин тушунсонор боло Уйдо бала чаканар менен тынч отургыла
01.04.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй Көлдүк туугандар,заман ушундай болуп жатканда көчукту кысып көп топтолбой митинг кылбай эле турбайсыңарбы.Ошол жердеки имаратты концервация кылса өзүңөрдүн эле жакын тууганынар жатат го даарыланып.Чымындан пил жаратып эмне кереги бар.Негизи ошол топтолгон жерге бир эки коронавирус кишиден киргизип жибериш керек эле да,анан көрөт элем элдин топтолгонун.Ошондуктан азыркы кырдаалга жараша түшүнүп иш кылсаңар деп айтып кетем.
01.04.2020. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кычаган эл болдукго, же жашы улуусу же жаштары,же аялы эркеги ойлонбой! Аэропортто бир дурбодунор Эми айылда отуруп дуйно жузу коркуп кудай сакта деп отурган жеринде жылбай отурат. Биз эле ушу кыргыз элем ажылдап ызылдап олдукго
01.04.2020. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комиссия тузуп эскертуу бериш керек, мыйзамга баш ийбесе татыратып салыш керек. Кыргыздар бир мал эле калк болдукго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: