super.kg logo

"Тамакка үнөм болсун деп бир маал атала жасап жатабыз". 7 баласы менен үйдө отурган ата-эне карантиндеги абалы тууралуу айтып беришти

 

Коронавирустун кесепетинен улам өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы аз камсыз болгон жарандар, көп балалуу жана социалдык жардамга муктаж болгон адамдар азык-түлүк тартыштыгы болуп жатканын айтышууда. Кайрымдуу адамдар, ишкерлер, социалдык камсыздоо жайлары жардам көрсөтүп жатышканы менен баарына жетиштүү эмес.

Күнүмдүк жумушта иштеп үй-бүлөсүн камсыз кылган ата-эне 7 баласы бар экенин айтат. Жардамга муктаж болгон үй-бүлө Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунда жашайт.

"Жолдошум экөөбүздүн 7 балабыз бар. Алардын бешөө мектепте окушат, экөө кичинекей. Бала бакчага киргизгенге мүмкүнчүлүк болбогондуктан, эки баламды өзүм карайм. Жолдошум тигүүчү цехтердин биринде бычмачы болуп иштейт. Үй-бүлөнү камсыз кылган - атабыз.

Вирустан улам карантин жарыяланып кетет деп ойлогон эмеспиз. Карантин жарыяланганда 6 миң сом акчабыз бар болчу. Ошол акчага эң керектүү делинген азыктарды алдык. Акчабыздын көбү эле унга кетти, биринчи сорттогу ундун баасы 1 миң 750 сом болуп кетиптир. Биринчи сорттогу ун бат эле түгөнүп калат деп 2-сорттогу унду (1 миң 200 сом) алып, экөөнү аралаштырып нан жасап жатабыз. Эртең мененкисин балдарга илгеркидей эле атала жасап берип баштадым, үнөм болсун деп. Кечинде тамак жасайын десем пияз түгөнүп калыптыр, аны билгизбей тамак жасадык. 2-3 күндөн кийин азык-түлүгүбүз түгөнөт, ошондо эмне жейбиз деп коркуп жатам. Карантин дагы узарып кетет окшойт.

Негизи баллонго газ толтуруп келип тамак-ашыбызды бышырып алчубуз. Газ түгөнүп калып короодогу чырпыктарды чогултуп, очокко тамак бышырып жатабыз. Коммуналдык төлөмдөр (электр жарыгы, суу, таштанды) үчүн кызмат акыларынын дүмүрчөгү келди. Бирок төлөгөнгө шартыбыз жок, электр жарыгын өчүрсө деле айлабыз жок. 6 балама жөлөк пул берилет. Эгер ошол акча убагында берилсе, коммуналдык кызматтардын акысын төлөйбүз.

Карантиндин биринчи аптасында анча-мынча кем-карчыбызды дүкөндөн карызга жаздырып алып жатканбыз. Туугандардан карыз акча сураганбыз, бирок баарында жок экен. Социалдык жардам болобу деп айыл өкмөтүнө кайрылдым, ал жактан социалдык коргоо фондуна байланыш дешти. Азырынча эки жактан тең жардам жок экенин айтышты. Кыскасы, айла жоктун иши болуп жатат", - дейт үйдүн кожойкеси.

Жардам берүүнү каалагандар 0772 169-144 (ЭЛСОМ) номери аркылуу байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
01.04.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
55 млн сомду неге басып алып кармап жатышат??
01.04.2020. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чач алып же не кылышын билбеген артистер, ушуга окшогондорду челендж кылышпайбы? Канча кундон бери интернетте жардам сурап журот..
01.04.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аталаны кантип, эмнеден жасайт?
01.04.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aimani,ун менен сары май Суудан жасайт
01.04.2020. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жардам берилип жатат деп эле чон иште иштегендердин туугандарына кетип атат
01.04.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карантин башталган кундон тарта ар жактан жардам сурап конуп калган биздин чон болмуштар Ушундай муктаждарга бербей как всегда оздорун ойлошот биринчи, буткул кыргыз эли ач калса да,булар ач калбайт. Сырттан келген жардамдын баарын басып алып жатышат да уятсыздар
01.04.2020. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
шаарга жакындар эптеп оокатын жакынкы жердеги дукондордон алат бизге окшоп тоодо жашагандарга кыйын.Шаарга базарга эки сааттык жол менен айылдык машиналар менен барат элек.16сынан бери топтогон оокаттарыбыз тугонду балдар обедте анан кечинде эмне жейбиз деген учуру.Жанын кашайып продукта тугонду,тоолуу аймактарга жардам иретинде ун май жеткирип койсонор тоолуктар суйунуп калмак.
02.04.2020. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам беришпесе,топтолгон миллиондорду бекитишсе,чыгыш керек,топтолуп!
02.04.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге 7 бала торойсунор
02.04.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gema,7 бала торогонуно Рахмат айт,кыргыздын санын кобойтуп жатат.
Балалуу уй базар,баласыз уй мазар.макал.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: