Лондондо полиция кызматкерине жөтөлгөн адам 6 айга эркинен ажыратылды
Лондондо сот коронавируска байланыштуу ишке чечим чыгарды. Анда жаран полиция кызматкерине жөтөлүп, ага коронавирус жугузам деп коркуткан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Адам Льюис унаанын эшигин ачканга аракет кылып тарткылап жаткан. Муну байкаган полиция кызматкери анын жанына келгенде, ал колундагы шарабын сындырып коркута баштаган. Аны менен эле тим болбостон ал жөтөлүп, вирус жуктурам деп коркуткан.
Жардамга келген полиция кызматкерлери Льюисти жакынкы бөлүмгө алып кетишкен. Жыйынтыгында сот аны 6 айга эркинен ажыраткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6
6
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















