super.kg logo

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуунун тартиби жөнүндө буйрукка кол койду

 

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев түзүлгөн кризистик кырдаалдарды эске алуу менен калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуунун тартиби жөнүндө буйрукка кол койду.

Жарандардын маалымат алуу укугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №55 жарлыгынын 10-пунктун аткаруу максатында Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык, аталган аймакка өзгөчө абал киргизилип, тиркеменин негизинде түзүлгөн кризистик кырдаалдарды эске алуу менен калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуунун тартиби бекитилген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын басма сөз борборунун базасында жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар үчүн онлайн платформаларды түзүү жана бул буйрукту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү каралган.

“Кризистик кырдаалды эске алуу менен калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуу тартиби жөнүндө” комендант бекиткен жобо өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын комендатурасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалардын бири-бири менен өз ара кызматташуусунун тартибин жөнгө салат.

Жобонун негизги максаты расмий жана тастыкталган маалымат алууда жарандардын кепилденген укуктарын камсыз кылуу болуп саналат. Аталган жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, өзгөчө абал жөнүндө контитуциялык мыйзамына жана башка ченемдик-укуктук актыларынын, коменданттын буйруктарынын жана буюрмаларынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: