Вице-премьерликке Аида Исмаилова сунушталды
Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында вице-премьер-министр кызматына Алтынай Өмүрбекованын ордуна Аида Исмаилова сунушталды.
Анын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып жатат. Ал Аида Исмаилованын талапкерлигин колдоп берүүнү суранды. Исмаилова учурда Жогорку Кеңештин депутаты.
Буга чейин SUPER.KG порталы бул кызматка Аида Исмаилованын талапкерлиги карала турганын өздүк булагына таянып жазган.
Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Алтынай Өмүрбекованы жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
-2

