super.kg logo

Жалал-Абадда күндүзү дагы көзөмөл күчөтүлдү

 

Жалал-Абадда өзгөчө абалга байланыштуу күндүзү дагы көзөмөл күчөтүлдү. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилгенине карабастан, жергиликтүү тургундардын кайдыгер мамиле жасап, дагы деле болсо коомдук жайларда себепсиз жүргөндөрү байкалууда.

Бүгүн, 1-апрелде Жалал-Абад шаарынын аймагында коронавирус илдетин алдын алуу жана жарандардын негизсиз көчөдө жүрүүлөрүнө чектөө коюу максатында рейд жүргүзүлдү.

Шаар аймагында жүргөн унаалар да текшерилип, тиешелүү документтери жок унаалар айып короого жеткирилүүдө. Шаар тургундары ооруканага, дарыканага жана азык-түлүк үчүн дүкөндөргө гана барууга мүмкүн экендиги, зарыл жумушу болбосо сыртка чыкпоо керектиги түшүндүрүлүп жатат.

“Биздин негизги максат дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоо болуп эсептелет. Көрүлгөн чараларга карабастан, жарандар түшүнүү менен мамиле жасабай, кайдыгер болуп, тоготпоочулук жагдайлар жаралганы үчүн учурдагы абал катуу чараларды талап кылып жатат. Ошол себептүү алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары күчөтүлүп, катуу талаптар коюлуп, айрым чектөөлөр болууда”, - деди Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңиш Жоробеков онлайн брифинг учурунда.

Азыркы кырдаалга байланыштуу шаар тургундарын укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип, үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болуп, тартипти сактап, өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздарга кам көрүүгө чакырабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: