Бишкекте жоогазындар гүлүн ачты. Ажайып сүрөттөр






Бишкек шаарында жоогазындар гүлдөй баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жоогазындар "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан күзүндө тигилген.
Ага ылайык, борбор калаадагы клумбаларга жаз гүлүнүн 18 түрүнөн 185 миң түп жоогазын отургузулган.
Быйылкы жылдын жоогазындары кызыл, ак, сары, кызгылт жана кызгылт көк түстө.
"Тилекке каршы, шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу шаардыктар бул көрүнүшкө күбө боло албайт. Ошентсе дагы жоогазындарга кам көрүп, ар кандай мүмкүн болгон уурулардан сак болушубуз керек", - дешти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.