super.kg logo

Ызы-чуу чыккан Түп районундагы айылда учурда абал тынч

 

Бүгүн, 1-апрелде Түп районундагы айылдардын бириндеги имаратка обсервация уюштурулушуна каршы митингге чыккан жарандардын чыр-чатак, ызы-чуу салып жаткан видеолору колдонуучулар тарабынан интернет желелерине желдей тарады. Алардын бирөө бүгүн саат 9да тартылган. Бул тууралуу Ысык-Көл айылынын тургуну Максат Жаныбеков билдирди.

Азыркы учурда айылда абал тынч экенин жана жашоочулардын кадамы чектелип, айыл аймагына блокпосттор коюлганын ал төмөнкүчө айтып берди.

"Биздин айыл толук изоляцияга алынганын жана айылдагы эл коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон деген пикирлер айтылып жатат. Бирок андай эмес. Айылыбызда баары таза, байланышкан адамдар дагы жок. Биз тынч жашап жатканбыз, айылдан 2 унаа азык-түлүк алып келүү үчүн чыгып жүргөн. Азыркы тапта абал тынч, айыл тегерегине постторду коюшту, эч нерсе деп айтышкан жок. Мындан ары кандай болот билбейбиз, азырынча маалымат жок", - деп билдирди ал.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары "Маяк" деген саламаттыкты сактоо жана билим берүү борборуна обсервация уюштурулушуна каршы митингге чыкканын жергиликтүү жашоочу билдирген. Ал эми аталган окуя тууралуу SUPER.KG порталына Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожобеков төмөнкүлөрдү айтып берген болчу.

Кечээ, 31-мартта Ысык-Көл облусунан 2 адамдын коронавирус жуктурган.






Түптүн жашоочулары айылдагы мекемени обсервация кылууга каршы митингге чыгышкан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.04.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тополоң кылышка суутуп коюптурбу азыр жат үйүңдө
01.04.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапайычылык жаткызса ошол озундун жердешин озундун элинди жаткызатда ушул кырдаалда бале барбы митинг кылганы
01.04.2020. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок карангы элге
01.04.2020. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Билип билбей суйлобогуло туугандар. Айыл аман аты жаман оорудан алыс болсун боолду. Туптун Маягы аман эсен болгула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: