super.kg logo

"Ак-Кемедеги" обсервациядан 22 жаштагы кыз качып кеттиби? ИИМ жооп берет

 

"Ак-Кемедеги" обсервациянын тосмосунан эч ким секирип, качкан жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова обсервацияларды кайтарууну күчөтүү керектигин ИИМден суранган. Ошондой эле ал "Ак-Кемедеги" обсервациядагы адамдар тосмодон секирип жаткандыгын белгилеген эле.

"Обсервация толугу менен милициянын көзөмөлүндө жана коомдук тартип камсыздалууда. Тактоо иретинде билдиребиз, "Ак-Кемеде" жайгашкан обсервациядагы 22 жаштагы кыз балкондо кийимин жайып жаткан учурда өзүнүн зер буюмун кокустуктан түшүрүп алып, чатырдын жээгинен кайра алганга үлгүргөн. Ошол эле учурда ал жак бийик болгондуктан, секирип өтүүгө такыр мүмкүн эмес. Милиция кызматкерлери кызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда ал жактан секирип качып кетүү оюнда жок экендигин билдирген", - дешти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: