super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны миллионго чукулдады

 

2-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 932 миң 605ке жетти. Алардын арасынан 193 миң 177 адам айыгып ооруканадан чыкса, 42 миң 139 бейтап каза болду.

АКШда вирус жуктургандардын саны тынбай өсүүдө. Бүгүнкү күнгө карата ооругандардын саны 213 миң 372ге жетти. Алардан 8474 бейтап айыгып, 4757 адам каза болду.

Италияда 110 миң 574 адам коронавирус менен жабыркап келет. 16 миң 847 адам ооруканадан чыгарылса, 13 миң 155 адам вирустан көз жумду.

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктурган адамдардын саны боюнча алдыңкы 3-орунда турган Испанияда 104 миң 118 адам оору менен алышууда. 22 647 адам вирустан арылып, 9387 адам каза болду.

Франция дагы деле вирустан көп жарандарын жоготуп жатат. Учурда 57 миң 749 адам вирус жуктурганы аныкталса, анын 3523 жараны каза болду жана 11 миң 53 адам ооруканадан айыгып чыкты.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.04.2020. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунуксуз!Акшда 213 миң 372ге жетти.Италияда 110 миң 574 адам коронавирус менен жабыркап келет.Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктурган адамдардын саны боюнча алдыңкы 2-орунда турган Испанияда 104 миң 118 адам оору менен алышууда.Кандайча дагы 2-орунда.Ошондо Акшдагылар жалган болуп калабы.
02.04.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmaral,испания 3 деп жатат козунду чон ач
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: