super.kg logo

Москвадагы коронавирусту дарылоо үчүн курулуп жаткан ооруканадан видеорепортаж. "Бул жакта 8 миңге жакын мигрант бет кабы жок иштеп жатат" дейт каарман

 
"Тамакка кезекке турган учур".

Буга чейин 31-мартка караган түнү Москва шаарынын четинде коронавирус менен ооругандарды дарылоочу оорукананы куруп жаткан мигранттардын чатырлары күйүп кеткендиги тууралуу жазылган. Курулуш иштеринде жүргөн мекендешибиз Нурбек Абдрахманов SUPER.KG порталына ал жактагы 8000 мигрант кандай шартта жашап, иштеп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

- Бул оорукана абдан тездик менен курулууда. Кырсык болуп, чатырларыбыз күйүп кеткенден кийин бизди вагондорго жайгаштырышкан. Адашпасам, 17 чакты кыргыз балдарынын документтери күйгөн. Аларга жетекчилер маалымкат жазып, маселесин чечип беребиз дешти.

- Учурда 42-43 гектар аянтка тез аранын ичинде коронавирус менен ооругандарды дарылоочу оорукана курулуп жатат. Жумуш суук аба ырайына карабай кызуу жүрүүдө. 8000 чакты мигрант күндүзгү, түнкү нөөмөт менен кезектешип иштөөдө. Оорукананын жанында тик учак кончу аянт да бар.

- Аскердегидей шартта жашап жатабыз. Өзүбүз коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүчү оорукана куруп жатабыз. Бирок жумушчулардын 80 пайызында медициналык бет кап жок.

- Күндө аскерлердей болуп кезекке туруп, тамакты салдырып алып тамактанабыз. Эл аябай көп. Бирок биринде да бет кап жок. Орусу деле, башчысы деле бет кап кийбей жүрөт. Ушунча көпчүлүктөн кимде вирус бар экендигин кайдан билесиң...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.04.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Иштебей койгула да шарты начар болсо, эмнеге бардыңар. Масканы өзүңөр жасап же сатып алгыла кымбат да болсо. Өзүңдүн ден соолугуң биринчи өзүңө кана керек!
03.04.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Silerdin den soolugunardi ech kim urgani da jok eptep kurdursa boldu da alarga oorup kalsanar jardam bereerin dele kudai bilet bul orustar
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: