Кошуна Өзбекстанда 181 адам коронавирус жуктурду

2-апрелге карата Өзбекстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 181ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2-апрелге карата 8 адам вирусту жаңы жуктурганы аныкталган. Учурда вирус менен жабыркагандардын жалпы саны 181ге жетти. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу 1-апрелден тартып өлкөдө 65 жаштан жогорку жарандарга үйдөн чыгууга тыюу салынды.
Эске салсак, учурда Өзбекстанда 12 адам оорудан айыгып, 2 жаран каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.