super.kg logo

Ноокаттыктардан үлгү алыш керек! Коменданттык саатты бузду делинип өлкөдө 99 жаран кармалды

 

2-апрелге карата республика боюнча коменданттык саатты бузган 99 факты катталып, протоколдор түзүлдү. Мындан тышкары 7 автоунаа айып короосуна токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында кечки саат 20:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай, бузгандыгы үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 99 жаран жеткирилди. Алардын ичинен:
• Бишкек шаары боюнча - 82;
• Ош шаары боюнча - 8;
• Жалал-Абад шаары - 3;
• Сузак районунда - 4;
• Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Кармалгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Эскертүү! “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор аты-жөнү аныкталып, үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

ИИМ жарандарга кайрылат жана эскертет: Өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
02.04.2020. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
нооката тушундуру иштери коп журуп жатат кундузуда адам жок кочолордо молодец чыкбагыла эшике аз калды гудахаласа отуп кетет
02.04.2020. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ноокаттыктар молодец. так держать буюрса отуп кетет
02.04.2020. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
maks1980bishkek,Кечиресинер + басам деп жатып - басылып Кетти. Созунорго кошулам, Кудай буйруса аз калды, бул да бир сыноо сабыр кылып, биргеликте женебиз.
02.04.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ноокатта негизи Рамазан айында барып калсан бир да кафе, чайкана иштегенин корбойсун. Негизи эле тартып катуу. Эч кимдин буюртмасы жок эле баары жаап салышат.
02.04.2020. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноокат эли аз тартипке салса болот Бишкек Ош чон шаарлар калкы дагы коп бирок Ош молодец 8 бузуу катталыптыр Бишкек 82 почти 90% эреже бузуу ушул жакта экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: