super.kg logo

Өлкөдө доллардын курсу 85 сомго жетти

 

Кыргыз өлкөсүндө доллардын курсу уламдан улам жогорулап жатат. Бир күн ичинде анын куну дагы 1,5 сомго өстү.

Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар америкалык валютаны 82,9 жана 83,8 сомдон алып, 84,5 сомдон сатышууда. Эки аптанын ичинде жашыл акчанын баасы дээрлик 6,5 сомго жогорулап, 85 сомго жетти. Номиналдык баасы 82,2 сомду түзүүдө.

Рублдун дагы баасы өсүүдө. Бүгүн ал 1,02 жана 1,04 сомдон алынып жатса, сатуу 1,09 жана 1,11 сомду түзүп жатат. Ал эми расмий курс акыркы күнү тескерисинче төмөндөп, 0,46 пайызга ылдыйлап, 1,0389 сомду түздү.

Эске салсак, 19-марттын кечинде АКШ долларынын курсу дароо 12 сомго, тагыраагы, 73 сомдон 85 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул абал Улуттук банктын базардан 3,7 миллион доллар сатып, интервенция жасоого аргасыз кылган. Бирок кийинки күнү курс 78 сомго чейин түшүп, 24-мартка карата абал турукташкан. Андан кийин доллар кайра жогорулап, бүгүнкү күндө жашыл акча 85 сомдун наркына кайтып келди. Буларга карабастан, Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайды салыштырмалуу туруктуу деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2020. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздар. Тушунуксуз, биздин улуттук банк жана бийлик ишти кандай карашат? Себеби биздин финансы рыногу эч кандай дуйнолук фондулук же форекске байланган эмес. Тан калычтуусу дуйнолук биржаларда баанын осушун же тушушуно, биздин валюта ылдам реакция кылууда. Баарынан да рубль деле тушту нефтьи да которулду жана чек-аралар жабык, бирок сом осуудо. Бул эмне - деген башаламандык. Же олкодо нефтинин тушушуно жараша куйуучу май арзандабайт же улуттук валютанын курсу ылдыйлабайт.
Eldico түзөттү 2020-04-03 11:15:41
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: