super.kg logo

Карантинге байланыштуу кылмыштын түрлөрү да өзгөрдү. Бишкекте жасалма пропуск колдонгон айдоочу кармалды

 

Бишкек шаарында өткөрүүгө укук берүүчү жасалма уруксат кагазы менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"1-апрель күнү Бишкек шаарынын Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен 32 жаштагы Д.Н. аттуу жарандын башкаруусундагы Лэнд Ровер унаасы текшерүү үчүн токтотулган. Анын маңдайкы терезесинде көк түстөгү Бишкек шаарында жүрүүгө уруксат берилген пропуск болгон. Кылдат текшерүүгө алууда пропуск жасалма болгондугу аныкталган. Унаа айып короосуна токтотулуп, бардык чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлгөн. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 359-берене (документтерди жасалма кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.04.2020. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тура камагыла закон баарына бирдей. ушундай кырдалда отурбайбы окмот жыргаганынан чыгарбай жатыптырбы блок пост койуп. елдин тынчтыгын коргоп жатат жаткыла кыргыз елим
02.04.2020. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
гулзат мамытбек тургула кырызым дей берип еми жаткыза албай жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: