super.kg logo

Бишкек шаарынын коменданты: "Бүгүндөн баштап уруксат кагаздарды берүү толугу менен электрондук түргө өтөт" (видео, хронология)

 

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 2-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар тууралуу маалымат берди. Анда Бишкек шаары боюнча 82 жаран эреже жана тартип бузган делинип, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилгенин кабарлады.

26-мартка караган түнү 193, 27-мартка караган түнү 146, 28-мартка караган түнү 157, 29-мартка караган түнү 119, 30-мартка караган түнү 122 жаран кармалса, 31-мартка караган түнү 137, 1-апрелге караган түнү 119 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-02 12:16

26-марттан 1-апрелге чейин азык-түлүк ташыган ишкерлер тарабынан 2 миң 700 уруксат кагаздары алынган.

2020-04-02 12:13

Октябрь РИИБинин кызматкери пара алуу боюнча кармалды. Ал жеке компаниянын өкүлүнө санитардык жана блокпосттордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылганы аныкталды. Учурда ага карата кызматтык иликтөө башталды.

2020-04-02 12:12

25-марттан тартып Бишкекке өзгөчө абал киргизилди. Ошол күндөн 1-апрелге чейин коменданттык убакытта 1 миң 76 жаран эреже бузган, алардын ичинен 145и аял, 931и эркек жана 14ү өспүрүм.

2020-04-02 12:11

Бүгүндөн баштап уруксат кагаздарын кагаз түрүндө берүү токтотулат. Мындан ары уруксат кагаздары электрондук түрдө берилет.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: