super.kg logo

“Кээ бирлеринин канчалык ооруп жатканын көздөрү эле айтып турат...". Британиялык 19 жаштагы медайым коронавируска байланышкан кооптонуусун айтып берди

 

“Кээ бирлеринин канчалык ооруп жатканын көздөрү эле айтып турат. Алар баары жакшы дешкени менен, чындыгында абал андай эмес”, - деп Люси Хатчингс аттуу медайым коронавируска байланыштуу өзүнүн коркууларын жана бейтаптардын азаптары жөнүндө жергиликтүү маалымат каражаттарына айтып берген.

Улуу Британиядагы Саутгемптондун ооруканасында иштеген медайым Люси Хатчингс болгону 19 жашта. Люсинин айтымында, алардын ооруканасына 60тан 90 жашка чейинки COVID-19 вирусунун акыркы стадиясы менен жабыркап жаткан бейтаптар көп алып келинет.

"Мен коркуп жатам. Мындан да начар болот деп ойлойм. Бул башталышы гана окшойт. Ооруканада өздүк коргонуу каражаттары жетишсиз. Анын үстүнө күндөн-күнгө бейтаптардын саны көбөйүп жатат", - деген өз билдирүүсүндө жаш медайым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: