super.kg logo

Үйдө гүл өстүргөндү жакшы көрөсүзбү? Анда бул кеңештер сиз үчүн

 

Бекеринен аялзатын гүлгө салыштырбаса керек. Анткени гүлдөр өзгөчө мамилени, камкордукту талап кылат. Үйдүн ичин көрккө бөлөгөн белгилүү гүлдөргө, кантип кам көрүү керек экендигин биз сизге айтып беребиз.

Антуриум (мырза бактысы) - гүлү көп үйлөрдө кездешет. Ал өзүнүн кызыл түстөгү өзгөчө гүлү менен жыл бою сизге жакшы маанай тартуулайт. Бирок убакыттын өтүшү менен анын сабагы узарып, гүлдүн алды жагымсыз көрүнүп калат. Мындан улам аны бутактап туруу керек. Бутакталган сабактардын жалбырактарын акырын кесип, үстү жагына гана 2-3 жалбырак калтырып коёсуз. Эгерде кесилген бутактардан жаңы гүл өстүргүңүз келсе аны дароо отургузбаңыз, алгач сууга салып ал кичине тамыр байлагыча күтүп туруу керек.

Туура даярдалган топурак кооз гүлдүн негизи. Эгерде топурак жаман болсо, антуриумдун жалбырактары жана гүлдөрү кичинекей болуп чоңойбойт. Гүлдү борпоң, тамырларга аба киргизип турчу топуракка отургузуу зарыл. Топуракка аралаштыруу үчүн:

- биогумус;

- чым көң (торф);

- кызыл карагайдын кабыгы;

- кум же перлит.

Бул керектелүүчү каражаттарды атайын дүкөндөрдөн сатып алса болот.

Аталган гүл жапайы жаратылышта жерге жакын өскөндүктөн, үй шартында бакканда көлөкө, жарык өтө көп тийбеген жерге жайгаштыруу зарыл. Ал турган жерде абанын температурасы +18 градустан төмөндөбөгөнү жакшы.

Үй розасы - гүлдөрдүн ханышасы аталган бул гүлдү жактырбаган айым болбосо керек. Розаны эшикте гана эмес, үй шартында да түрлөп өстүрүү мүмкүн. Ал үчүн гүлгө жагымдуу атмосфера түзүп, ага жакшылап кам көрүү зарыл.

Эшикте өскөн башка гүлдөрдөй эле роза күн нурун жакшы көрөт. Бирок ал ашыкча болуп кетпеши үчүн аны үйдүн чыгыш же батыш жагында жайгашкан терезеге койгон оң. Ал эми жай айларында розаны балконго алып чыкса болот. Бирок ага күн нурлары түз тийбеши керек.

Аталган гүлдү жай айларында +20-25 градуста кармоо туура. Ал эми кыш айларында ал эс алуусу үчүн +10-15 градус ысыкта кармаш керек. Гүлдү жылыткычтардын жанына жана жел уруп турган жерге коюуга болбойт. Гүлдүн топурагы кургап баратканын байкаган сайын суу куюш керек. Бирок топурактын былчылдап, сазга айланып кетишине жол бербеңиз. Минералдык жана органикалык заттар менен 1 жылда 2 жолу баксаңыз жетиштүү.

Гүлдү башка идишке отургузуу же аны бутактап көбөйтүүгө эң ылайыктуу мезгил бул май айынан сентябрь айына чейин. Калыңдыгы 3 миллиметр, узундугу 1-15 сантиметр болгон бутакты негизги сабактан кесип алып сууга салып коюу керек. Сабакта 3-5 жалбырак жана 3-5 бүчүр болуусу зарыл. Сууга салынган гүлдү жылуу жерге коюп, 3 аптадан кийин топуракка отургуза берсе болот.

Орхидея - өзүнө өзгөчө мамилени талап кылган орхидея гүлүн үй шартында өстүрүү оңойго турбайт.

Розалар сыяктуу эле орхидеялар жарыкты сүйүшөт. Орхидеянын күңүрт жашыл болгон жалбырактары ага жарыктын жетишпей жаткандыгынан кабар берет. Ал эми саргарып же ар кандай тактар пайда боло баштаган болсо, анда ага күндүн нуру түз тийип жарыктын көп болуп кеткендигинин белгиси. Орхидея кургактыкка чыдамдуу келгени менен топуракта суу көп болуп кетсе өлүп калышы мүмкүн. Гүлдү жылымык суу менен суугарыш керек. Сиңген суунун ашыкчасы атайын жыртыкчалардын толугу менен чыгып кетүүсүн көзөмөлдөө зарыл.

Гүлдү отургузуу үчүн башка гүлдөргө колдонулган эле заттар керектелет. Топурак өтө нык болбостон, тамырларга жетиштүү абаны өткөрүп турушу абзел. Кандай гана өзгөрүү болбосун гүлдүн жалбырагынан байкасаңыз болот.

Гүлдү көбөйткүңүз келсе гүлдүн кичинекей жалбырагын жабык айнек идишке сууга салып коюу керек. Ал тамыр байлап баштаган маалда аны кылдаттык менен алып чыгып, аз өлчөмдө марганцовка кошулган сууга жууп, кургатып алган чоң, атайын даярдалган топуракка кичинекей идишке отургузуу зарыл. Гүл чоңойгондо өзүңүзгө жаккан идишке которуп алсаңыз болот.

Кандай гана гүл болбосун ага туура кам көрүп, мээрим төгүп баксаңыз ал дайыма сиздин үйүңүздү көрккө бөлөп, сулуулугу менен сизди сүйүндүрүп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: