super.kg logo

"Бири-бириңерди укканды үйрөнгүлө". Ачык космоско чыгып келген полковник изоляцияда отургандарга кеңеш берет

 

Канаданын аскердик аба күчтөрүнүн офицери жана полковник, ачык космоско барып келгендердин бири Крис Хэдфилд карантин маалында изоляцияда адам өзүн кандай алып жүрүш керектиги боюнча кеңештери менен бөлүшкөн. Полковниктин айткандарын европалык белгилүү басылмалар жарыялаган.

Крис Хэдфилд изоляцияда болуу кандай экенин өз тажрыйбасынан улам жакшы түшүнөт деп жазышкан чет элдик басылмалар. Полковник карантин маалында жарандар төмөндөгүдөй жөнөкөй эрежелерди сакташ керектигин айткан:

  • Үйдө отурсаңар дагы ар бир күнгө план түзүү керек. Мисалга эртең менен, түштө жана кечинде эмне иш менен алек болосуңар. Карантинде отурганда мурун кол жетпей жаткан иштерди бүтүрүү үчүн эң сонун убак келди;
  • Сөзсүз түрдө алдыга максат коюу керек. Ал максаттар чоң болбосо да, кичинекей кадамдар чоң ийгиликке алып келерин эсиңерден чыгарбагыла;
  • Дүйнөлүк космостук станцияда жерден алыс иштеп жатып биз жаныбызда коркунуч бар экенин билчүбүз, бирок бул нерсе биздин продуктивдүү иштөөбүзгө тоскоол болгон жок;
  • Эгер бир адамдын психологиясы бекем жана кайраттуу болсо, башкалардан дагы андай сапатты талап кылбашы керек;
  • Жакындарга карата катуу талаптарды коюп, алардын көңүлүн оорутпай, тескерисинче бирге жашаган адамдар бири-бирин укканды үйрөнүшү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
02.04.2020. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Год на орбите
02.04.2020. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенешин жакшы экен. Бардык нерсе тартип мн,алдыга койгон максатын жакшы болсо жакшы болот буйурса.
03.04.2020. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңеш экен брат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: