super.kg logo

Кадамжай районунда милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте иш алып барууда

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте иш алып барууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери айыл аймактарда түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүнү колго алышкан. "Халмион", "Торговый" базарларына азык-түлүккө келген жарандарга бет кап тагууну жана өздүк гигиенанын эрежелерин туура сактоону талап кылышууда.

Ошондой эле айылдарда ыктыярдуу элдик кошуундар, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү менен ар бир айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык постторду курушуп, жарандарды сабырдуулукка чакырып, көзөмөлдү күчөтүшкөн. Милициянын көчмө кабылдамасы ар бир айылга барып, элдин үйдө болуусун эскертүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
02.04.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калланарга немем,эмнеге эле откорбой жатат? Элдин жумушу калып кетти
05.04.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минусту баскан каллана сенин))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: