super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Европа кеңешинин президентине Кыргыз өлкөсүнө кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 2-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Кыргыз мамлекетинин экономикасына залакасын азайтуу боюнча кыргыз тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Мамлекеттик башчы европалык тарапка коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргыз Республикасына кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Европа кеңешинин төрагасы кыргыз тарапка бул илдет менен күрөшүүсүнө колдоосун билдирип, кеңеш өлкөгө финансылык жардам көрсөтүүнүн оптималдуу жолдорун карап чыгарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: