super.kg logo

Филиппиндин президенти карантинди бузган бейбаштарды атууга буйрук берди

 

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте полиция кызматы менен аскерлерге коронавирус жуктурган адамдар карантин эрежелерин бузса же алардын ишине тоскоолдук жаратса, атып салуу керектигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Президент Дутерте жергиликтүү телевидениеден калкына кайрылуу жасап, коронавируска шек жаралып, карантинге жөнөтүлгөн жарандар боюнча "менин полиция менен аскерлерге буйругум, эгер коронавирус жуктургандар силерге тоскоолдук жаратып, ден соолугуңарга коркунуч жаратса, өлтүрө аткыла. Түшүндүңөрбү? Өлтүрө аткыла!" - деген.

Кийинчерээк президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы элдин көңүлүн бурдуруу үчүн гиперболаны колдонуп, ашыкча айтканын билдиришкен. Ал эми Улуттук полициянын жетекчиси президентти актоого аракет кылып, "ал коомдук тартиптин олуттуу, маанилүү экендигин билдиргиси келди" деген. Ошондой эле куралдуу күчтөрдүн эч кимди ата турган ою жоктугун кошумчалаган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Филиппинде 2 300 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 96 адам оорудан көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
02.04.2020. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ал жакта туз журсон деле атып кетчудой
02.04.2020. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Генебейм короновирус олтурбойт деп журо берсен баарыбир олтурот экенда. Бизде эрежени сактабаган жарандарыбызды бир аз коркутуп койгондо сонун болот эле.
Туз мылтык менен кочуко....
Samatalibei түзөттү 2020-04-02 17:02:46
02.04.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бизде чындап эле карантин эрежелерин бузуп, башка адамдарга жуктура турган болсо коомчулука онлайн турундо коргозуп, бир канча жылга соттош кк элге коргозуп туруп. Тартип болбосо уйундогу балан деле башына чыгып атпайбы айтканынды укпай тентек кылып, какыс-кукус кылып тарбиялап атпайбызбы. Мамлекет деле ошондой да уй булоодон башталат.
02.04.2020. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Шашлык жейм дегендер болсо атып салмак экен эле да буларда а...
02.04.2020. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде атпай эле дубинка менен сабаса бираз токтойт эле укпагандар ато айтып атса деле көчөдө жөн эле жүрүшөт тоготпой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: