super.kg logo

"Үнүм эч жакка жетпей койду. Жолдошумду мыйзам чегинде жоопко тарткан эч ким жок" дейт жалгыз бой төрт баланын энеси

 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагында жашаган жалгыз бой эне Бактыгүл Жаныбек кызы өзүнө жана балдарына кол көтөрүп, кордук көрсөтүп келген жолдошуна карата мыйзам чегинде чара колдонулбай жатканын SUPER.KG порталына билдирди.

Төрт баланын энеси интернатта өскөнүн, мындан улам жолдошу эч жакка кете албайт деген таризде, тынч жашоо бербей жатканына токтолду.

"Менин биринчи никемден эки балам бар. Ал жолдошум каза болуп калган. Азыркы жолдошумдан эки балам жана бирөө курсакта. Албетте, элдер кордук көрсөтүп жатса, эмне жашап жатат деп мени жаман көрүшү мүмкүн. Алгачкы жолу кол көтөрүп, атүгүл зордуктап кеткенде эки ажырым жолго түшкөнбүз. Анын үстүнөн Аламүдүн РИИБинин аймактык тескөөчүлөрүнө арыз менен кайрылгам. Бирок алар экспертиза жүргүзөбүз, андан кийин камайбыз деп мени күттүрүп коюшуп эч кандай чара колдонгон жок. Жолдошум эркиндикте эле жүрөт. Үнүм эч жакка жетпей койду. Жолдошумду мыйзам чегинде катуу жоопко тарткан бирөө чыкпады. Ал мыйзамга баш ийбейт. Менин аялым, өзүм билем дегендей мамиле жасайт. Кийин кайненем ыйлап келип, биздин ортобузга түшүп жатып элдештирген. Анда деле мен жаштыгым менен балдардын атасы болсо, жакшы жашап кетебиз деген илгери үмүт менен жарашууга макул болгом. Анын үстүнө өзүм интернатта өскөндүктөн, балдарды жетим чоңойткум келбейт. Кышы бою чогуу жашадык, кайра март келгенде балдарын таштап кетип калды. Негизи ал келип-кетип эле жүрө берет. Чогуу жашаган адам эмес, же биротоло кетип тынчтык берген киши эмес. Андан качып башка жакка көчүп кетсем, сураштырып жүрүп таап алат. Үй-бүлөсүн тыңгылыктуу деле бакпайт, карапайым эл анча-мынча азык-түлүктөн жардам берип калат. Ошондо үйдөгү алар берген нерсени кошо жеп-ичип алып, ал түгөнгөндө кетип калат. Мага жана балдарга кол көтөрөт. Болбосо тынч жашоодо балдарымды өзүм багып кете алам, Кудайга шүгүр колу-бутум ордунда".

- Учурда карантин маалында балдарды кантип багып жатасыз? Балдарыңыздын жаш курактары кандай?

- Ооба, калп айтпайм, албетте, кичинекей балдарым менен оор абалда эле турабыз. Бирок Кудайга шүгүр, коңшулар бар. Карапайым эл жардам берип турат. Ошондой эле айыл өкмөттөн дагы анча-мынча азык-түлүк берилген. Буга чейин тигүүчү болуп иштеп келгем. Бирок жолдошум кызганып иштетпей койгон. Эки балам мектепте окуйт. Алардын төлөмдөрүн эл катары эле, эч кандай жеңилдик албай эле төлөп келем. Анткени намыстанам. Себеби өйдө-төмөн сүйлөгөн адамдар болот экен. Арасынан балдарыңды сат дегендер да болду. Ал эми балдарымдын кичүүсү 2 жарым жашта, улуусу 9 жашта. Бизге эң негизгиси тынч жашоо жана жолдошума байланыштуу документалдык, юридикалык жактан жардам керек .

Бактыгүл Жаныбек кызына жардам берүүнү каалагандар 070819 98 34 номери аркылуу байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.04.2020. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Даба жок мындай акмактарга! Өлбөйт же тынч жашоо бербейт же оңолбойт.Кудай жазаласа экен...
02.04.2020. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир жакшы адвокат жалдап берип койсонор Боло супер инфо. Ар бир бала ырыскысы менен торолот деп коюшат кыргыздар,ал туура. Бирок ушундай кетип Келип,балдарындын ырыскысын ичип жеп туготуп кетип калган куйоонон неге учту торойсун. Кайсы арына ата болуп кыйратмак эле балдарынды. Такыр тушунбрйм ушундай аялдарга. Куйоосу баккаан аял болсо да унчукпайт элем. Тийип качып жургон куйоодон сактансан болмок
03.04.2020. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрин эркек эмес эле ХХХХХ экен.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-03 15:11:36
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: