super.kg logo

Баткенде блокпостто тургандарды ашата сөгүп, унаасын айдап кеткен айдоочуга иш козголду. Ал пара менен кармалып, милиция кызматынан кеткен

 

Баткен облусунда блокпостту тосуп турган адамдарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кызматкерлердин кой дегенине карабай постту бузуп, унаасын айдап кеткен айдоочунун видеосу тараган.

Ал эми бул окуя боюнча Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан төмөнкүчө маалымат таратты.

"Окуя 31-март күнү эртең менен саат 07:00 чамаларында Кадамжай районунун Майдан айылына кире беришинде орун алган. Анда Кароол айылынын Нурлан аттуу тургуну жыгачтан жасалган карантиндик постту буту менен тээп, ачып өтүп кетип калгандыгы боюнча ошол жерде турган жарандардан маалымат келип түшкөн.

Бул окуяны милиция кызматкерлери териштирген учурда Майдан айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Н.Б. экени такталган. Ал бул окуяны "31-март күнү эртең менен саат 07:00 чамасында Баткен облустук сотуна бара жаткандыгын, бирок аны ошол постто турган жарандар өткөрбөй коюшканда, ал сотко кечигип калам деп баш ийбей постту сүзүп, өтүп кеттим" деп айтып берген.

Бул факты Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Ал эми SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргени боюнча, ал 3 жыл мурун милиция кызматында иштеп жүрүп, пара менен кармалып, ички иштер органдарынан четтетилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
02.04.2020. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чара колдонуш керек эргулга
02.04.2020. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Видеосун кордум,бул жерде шопур туура суйлогон и требовать эткен жол тоскондордон...А ага чейинки кылган ишин билбейм..
02.04.2020. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мыйзамга баш ийиш керек бугун тамак жеткирип больницага жоо 1саат басып барып 1саата кайра келдим машинаны откорбогондугуно байланыштуу масканы тагынып алып кайра кайра антисептикти сээп коюп.Бирок машина толтура эле журот же алар баш ийишпейби билбейм
zhykyo түзөттү 2020-04-02 20:48:11
02.04.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындай моюну жоондук кылган эргулду тартипти бузгандыгы үчүн өмүр бою камакка киргизиш керек.
02.04.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Карантинде сот болуп жатса анан барат да же сотту токтотуш керек болчу. Чынын айтканда посттон жөнү жок деле өтүп кеткендер толтура. Эгер ошончолук важный болсо өткөрүп койсо болмок
02.04.2020. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде постто тургандарда да бар берки кишиде да бар куноо
02.04.2020. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыскасы Кыргызстан.
02.04.2020. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Пара менен кармалып жумуштан бошосо анда азыркы кылган күнөөсү үчүн катуу жазасын алсын. Постогулар ойногонунан тосуп жатканы жок канчалаган эл турат ошолордун ден соолугун ойлоп турушат да айдоочу ошончолук кыйын болуп согунобу! Сотко бараткан адам антип кыйын болбойт.
Samatalibei түзөттү 2020-04-02 21:45:10
02.04.2020. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Видеодо соттук процесске баратам дебей эле шеринеге кечигип атам деди го вроде)
02.04.2020. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Каллянды жарам!деп милициянын шапкасын учура чапкан аял кармалды беле? Окуя эмне менен бутту,маалымат берип коёсунарбы?
03.04.2020. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атыпсалгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: