super.kg logo

Ли Мин Хо - эми падыша. Белгилүү корей актёру тартылган жаңы сериал көрсөтүлүп баштайт

 
"Падыша: Түбөлүктүү монарх"
Ли Мин Хо
Ким Го Ын
У До Хван

Корей сериал сүйүүчүлөрү үчүн жакшы жаңылык. Дегенибиз белгилүү кореялык актёр Ли Мин Хонун катышуусунда жаңы дорама экранга жакын арада чыгуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу SBS каналы "Падыша: Түбөлүктүү монарх" аттуу сериалдын тизерин көрүүчүлөргө сунуштады.

Бул дораманын сценаристи көптөгөн көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан Корея кинематографиясында аты белгилүү Ким Ын Сук. Ал "Күндүн мураскерлери", "Гоблин", "Мураскерлер", "Сырдуу бак" дорамаларынын жаратуучусу. Башкы ролдордо атактуу актёр Ли Мин Хо жана актриса Ким Го Ын ("Гоблин" дорамасындагы башкы каарман кыздын ролун жараткан).

Сериал параллелдүү эки дүйнөнүн тарыхын сүрөттөйт. Бири конституциялык монархия, экинчиси учурдагы Корея Республикасындай демократиялык мамлекет. Ли Мин Хо монархиялык башкаруудагы мамлекеттин императору Ли Гондун ролун аткарат. Ал эми Ким Го Ын демократиялык мамлекеттеги таланттуу детектив Чон Тэ Ылдын ролунда. Бул эки каарман адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн жана параллелдүү эки дүйнөнүн ортосундагы эшикти жабуу үчүн биргеликте күрөшөт.

Аталган дорамада белгилүү актёрлор У До Хван, Ким Гён Нам, Чон Ын Чхэ жана Ли Чжон Чжин тартылган. Актёр У До Хван император Ли Гондун жан сакчысынын ролун аткармакчы. Тизердин аталышы "Кудай дүйнөгө шайтанды коё берди. Ал эми шайтан параллелдүү эки дүйнөнүн эшигин ачты" деп берилген. SBS каналы билдиргендей, бул дорама эки башка дүйнөнүн тарыхын сүрөттөгөн фантастика жанрдагы романтикалуу окуяларды камтыйт. "Падыша: Түбөлүктүү монарх" дорамасынын алгачкы сериясы 17-апрелде саат 22:00дө (Корея убактысы менен) экранга чыгары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Ли Мин Хо аскердик кызматын 2019-жылдын 25-апрелинде аяктап келген. Андан бери тасма талаасына алгачкы чыгышы болот.






"Падыша: Түбөлүктүү монарх" дорамасынын тизери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: