super.kg logo

Коронавирус пандемиясынан улам Казакстанда дагы бир шаар карантинге жабылат

 

Казакстанда коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу 3-апрелден баштап өлкөнүн түндүгүндөгү Петропавловск шаары карантинге жабылат. Бул тууралуу Түндүк Казакстан облусунун акими Кумар Аксакалов билдиргенин казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

"3-апрель күнү саат 00:00дөн баштап Петропавловск шаарында карантин киргизүү чечими кабыл алынды. Карантиндин негизги милдети - коронавирусту жайылтпоо. Дагы башка көптөгөн катуу чаралар киргизилет", - деп билдирген аким.

Акимдин билдиришинче, Петропавловск шаарынын көчөлөрү толук дезинфекцияланат жана коомдук жайлар, сейил бактар, соода борборлору толугу менен жабылат.

Акыркы маалыматтар боюнча, коңшу Казакстанда коронавирус оорусун 423 адам жуктуруп алган жана бул оорудан 3 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: