super.kg logo

"Ухан вирусу": АКШда коронавирус тездик менен жайылууда. Бир суткада 31 миңден ашуун адам вирус жуктурду

 

3-апрелге карата берилген маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө "Ухан вирусу" менен жабыркагандардын саны миллиондон ашты, тагыраагы, 1 миллион 14 миң 673 болду. Айыккандардын саны - 210 миң 335, каза болгондор - 52 миң 973.

Коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда бир суткада 31 миң 306 адам вирус жуктурган. 2-апрелге карата көрсөткүч 213 миң 372 болсо, 3-апрель күнү 244 миң 678 болуп көбөйдү. 9058 жаран илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылса, 5911 адам дүйнө салды.

Италияда 115 миң 242 адам вирус жуктуруп, анын 18 миң 278и айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 13 миң 915 адам тилекке каршы, вирустан көз жумган.

Испанияда 112 миң 65 жаран вирус жуктурганы аныкталган, 26 миң 743 жаран илдеттен арылса, 10 миң 348 адам каза болгон.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.04.2020. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул шалаакылыктын еле азабын тартып атышат,кош конул карап койушту, корсо смертельный битва екен.
03.04.2020. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Трамп Оз элине атайы эле жайып атат
03.04.2020. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч бир официальный СМИ лерден көрбөдүм укпадым Даарысын ойлоп тапты деген , баарында бирдей маалымат .Албетте Официалдуу болгондон кийин Мамлекеттин сөзүн сүйлөшөт да .Кыскасы по плану иш кылып жатышат.Чем меньше народ , тем лучше кислород дегенди колдонуп жатышкандай
03.04.2020. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Американы ж.б. өлкөлөрдү талкалаш үчүн кытайлар жасаган болушу мүмкүн,өздөрүн айыктырып алышты значит даарысы да бар.
03.04.2020. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo,Дарысы эле үйдөн чыкпай отуруу экен го. Кытайлардын камап отуруп эле вирусту таратпай коюшту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: