Карантинде айла кетип. Казакстанда 9 кабаттуу үйдүн чатырында баланы сейилдеткен мырзанын видеосу тарады (видео)

Казакстандын Уральск шаарында 9 кабаттуу үйдүн чатырында баласын коляска менен сейилдетип жүргөн кишинин видеосу тарады. Видеого тарткан адам "Мына Уральск шаары, Захаров көчөсү 3. Карантин, көчөгө чыгууга болбойт. Эркек киши коляскасы менен 9 кабаттуу үйдүн чатырында баланы сейилдетип жүрөт. Ал жакта коронавирус деген коркунуч жок. Бизге баары бир, мына бала менен сейилдеп жүрөбүз", - деген.
Уральск шаарынын полиция башкармалыгынын жетекчиси Жантемир Иманалиев аталган факты полицияда катталганын жана сейилдеген мырза менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирген.
Казакстанда чатырда сейилдеп жүрүшөт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2025-06-27
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.