super.kg logo

Бейбаштык кылгандар азая баштадыбы? 3-апрелге караган түнү 117 жаран эреже бузду

 

3-апрелге карата республика боюнча коменданттык саатты бузган 117 факты катталып, протоколдор түзүлдү. Мындан тышкары 6 автоунаа айып короосуна токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында кечки саат 20:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай, бузгандыгы үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 99 жаран жеткирилди. Алардын ичинен:
• Бишкек шаары боюнча - 86;
• Ош шаары боюнча - 29;
• Сузак районунда - 1;
• Кара-Суу районунда - 1 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Кармалгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Эскертүү! “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор аты-жөнү аныкталып, үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

ИИМ жарандарга кайрылат жана эскертет: Өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2020. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Индиядагыдай таяк менен сабаш керек го дейм антпесе барган сайын көбөйүп жатат.Зарылчылык болсо эскертүү берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: